Inspire & Collaborate
Go Viral Фестивалы
Фестиваль бирикмелерди түзүүгө түрткү берет, инновациялык идеяларга жана кошмо чыгармачылык долбоорлорго шыктандырат, жергиликтүү ишкерлердин таанылышын жогорулатат жана маданияттар менен тармактардын ортосундагы кызматташтыкты шарттайт.
Өзбекстан
17-18-март
Кыргызстан
28-29-апрель
Тажикстан
26-27-май
Казакстан
23-24-июнь
Түркмөнстан
28-29-июль
Долбоор тууралуу
Go Viral Festival & Network x 48 HFR – бул Техас штатындагы Остинде өтүүчү SXSW фестивалынан шык-дем алган жергиликтүү демилге. Go Viral идея алмашуу жана максаттарды ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн, ошондой эле маанилүү маселелерди чечүү үчүн аймактык лидерлердин, чыгармачыл адамдардын жана жаратмандардын ортосунда байланыш түзүүгө жардам берет.

Go Viral – бул фестиваль, ошондой эле лекцияларды, воркшопторду, панелдик талкууларды, тасмаларды, музыканы жана АКШ, Борбор Азия, Чыгыш Европанын алдыңкы тренд-сеттеринин Медиа, Бизнес, Маданият, Технология жаатындагы дагы башка окуяларын камтыган бир катар иш чаралар.