Кыргызстан
Бишкектеги Go Viral фестивалы
Кыргызстан

Go Viral фестивалдары — бул:
Аймактык жандуу иш чаралар
Борбор Азия жана АКШ алдыңкы жаратмандары
Жаңы билим
Пикирлештер менен идея алмашуу
Нетворкинг
Жеке жана профессионалдык өсүү үчүн аянтча
10 - 11 ИЮНЬ
10 - 11 ИЮНЬ
10 - 11 ИЮНЬ
10 - 11 ИЮНЬ
10 - 11 ИЮНЬ
10 - 11 ИЮНЬ
БИЗДИН ЧОҢ БИРИМДИГИБИЗДИН КАТАРЫНА КОШУЛУҢУЗ!

Go Viral фестивалында убакытты кантип пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүү керек?

Салам! Эгер сиз бул жол-жобону окуп жатсаңыз, демек, биз алтынчы Go Viral фестивалында жолугабыз. Кубанычтабыз!

Ар бир фестиваль катышуучулардын, башкача айтканда, сиздин салымыңыз менен жогорку деңгээлде өтөт. Демек, убакытты болушунча пайдалуу өткөрүү үчүн эмне кылуу керек?

Go Viral - биринчи кезекте пикирлештерге, менторлорго, профессионалдык жана жеке өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан кайталангыс нетворкинг аянтчасы.

Бул аянтчага медианын, технологиялардын, бизнестин жана маданияттын каймактары чогулат, андыктан өз долбооруңузду жакшыртууга жардам берчү кесипкөйлөрдү таба аласыз!
Жалпы маалымат
Фестиваль ушул жума күнү, 10-июнда саат 13:00дө башталат

Жолугушчу жер: И.Раззаков атындагы КМТУ  

Кийим: Business casual (себеби бул профессионалдык нетворкингдин фестивалы)

Тазалык жана тартип: фестивалдын тазалыгын жана тартибин ар бир катышуучу камсыздайт, ошондуктан сизден тыкандыкты суранабыз

Тамак: Фестивалда акы алынуучу фуд-корт жайгашат, ал жактан ар кандай жеңил даамдарды жана суусундуктарды алсаңыз болот

Кошумча: өз ден соолугуңузга кам көрүңүз, жука төшөнчө ала келиңиз - музыкалык сессиялар кечкисин сыртта өтөт, балким, аба ырайы салкын болот

Маанилүү: Биз экологияга кам көрөбүз, фестивалда кагаз менен пластикти колдонууну кыскарттык (мисалы, программа онлайн-форматта гана болот). Ошол үчүн бөтөлкө, кружкаңызды ала келиңиз. Бардык залдарда суусу бар кулерлер жайгаштырылат, бирок бир жолу колдонулуучу стакандарды бере албайбыз. 
Катталуу
Фестивалга алдын ала катталганыңыз оң.

Бирок каттоодон өтүүгө жетишпей калгандарга да эшигибиз ачык! Сыртта катталуу үчүн столдор болот, жеринде каттоодон өтө аласыз. 

Милдеттүү түрдө: бейджик алып, атыңызды жазыңыз (аны эки күн бою жоготпоңуз).

Бейдждин арткы бетинен кыскача программаны жана толук программанын QR кодун таба аласыз. Бейжд алып, атыңызды жаздыңызбы? Эң сонун! Эми жол көрсөткүчтөр менен таанышууга убакыт келди

Жол көрсөткүчтөр 

Холлдо жол көрсөткүчтөр илинген. Аларга карап, керектүү залды таба аласыз. Төрт зал бар: 

1-зал  - башкы зал
2-зал  - чоң зал 
3-4-залдар - чакан залдар

Эки күн бою сыртта да иш чаралар өтөт, ал жакка да катыша аласыз! 

Кызыгууңузга карап кайсы сессияга барарыңызды же кайсы спикерди угуп, суроо бергиңиз келип жатканын пландап алыңыз. Бул үчүн программаны алдын ала изилдеп алган оң (программа тууралуу алдыда кенен сөз кылабыз). 
Катышуучулар жана коноктор бири-бири менен таанышып, достошуп алыш үчүн быйылкы фестиваль биримдиктерди, жамааттарды бекемдөөгө багытталганы эсиңизде болсун. Катталып, эмне кайда экенин тактап алгандан кийин, нетворкинг-воллду толтурууга тайманбай кадам таштай бериңиз.  
Нетворкинг-волл
Нетворкинг волл - бул өзүңүз тууралуу маалыматтарды, визиткаңызды калтыра турган тактайча. Ал төрткө бөлүнгөн: 

  1. Go Work (жумуш же стажировка үчүн орун издеп жатсаңыз, визиткаңызды калтырыңыз)
  2. Go Mentor (насаатчы издеп жатсаңыз, визиткаңызды калтырыңыз) 
  3. Go Сooperate  (мүмкүнчүлүк/жумуш сунуштасаңыз, визиткаңызды калтырыңыз)
  4. Go Team  (идеяңыз барбы? Команда/адамдарды издеп жатасызбы, анда бул жакка)

Өзүңүзгө туура келгенин тандап, бизче айтканда “изиңизди” калтырыңыз. Ошондой эле сизди активдүү болуп, фестивалдын башынан аягына чейин визиткалар менен алмашууга чакырабыз (башка кайсы жакта ушундай мүмкүнчүлүк болмок эле?).
Программа
Программа онлайн түрдө дайыма жеткиликтүү. 

Эске сала кетели, программанын кыскача схемасын бейдждин аркы бетинен таба аласыз. 

Программанын алкагында төмөндөгү иш чаралар пландалган: 

  • Панелдик талкуулар, бул жактан панелчилерди угуп, аларга суроо бере аласыз, балким, тигил же бул маселеңиздин чечүү жолун таап же жаңы кадамдарга эргүү аласыз. 

  • Мастер-класстар жана воркшоптор, мында сиз өз көндүмдөрүңүздү курчута аласыз. Мастер-класс жана воркшопторго орундар чектелүү экенин унутпаңыз, катышуучулар “first come first served” принциби менен алгачкы 40 кишиге чейин кабыл алынат. 

  • Саат 13.00дөн 18.00гө чейин университеттин короосунда көчө иш чаралары өтөт, бул - убактыңызды көңүлдүү өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк! 

Фестивалдын атайын коногу - америкалык ишкер Брэндон Эндрюс. Ал экинчи күнү стартапты потенциалдуу инвестордун алдында ийгиликтүү коргоонун сырлары боюнча масстер-класс өткөрөт. 

Спикерлердин өзөктүү ойлорун жазып алаңыз, сессиялардын арасында аларга барып суроо узатыңыз. Эң жакшысы - инсайттарды жоготуп албаш үчүн социалдык тармактарга жарыялаңыз. 

Сынактар жана социалдык тармактар

Фестивалда биздин кайталангыс фото аянтчабызды таба аласыз! Эстеликке калчу сүрөт-видеолорду болушунча көп тартыңыз - креативге чек жок! 

Тарыхчаларды чыгарыңыз, постторду жарыялаңыз, @goviral.ca белгилеп,  #GoViralFestival2022 #SearchInventSolve #GoViralBishkek хэштегдерин сөзсүз кошуңуз.

Сынакка активдүү катышып, белектерди утуп алыңыз: 
  • 1-орун - акылдуу саат + мерч
  • 2-орун - смартфон үчүн штатив + мерч

Кайтарым байланыш!

Мында бизге баа бере кетишиңизди суранабыз. Фестиваль кандай өткөнүн сизден башка ким айтып бере алмак эле? 

Күн сайын, ар бир сессиядан кийин бизге пикириңиз, комментарийлериңиз керек. Бул биздин жумушубузду, долбоорду жана кийинки иш чараларды жакшыртууга жардам берет. 
Программа
1-күн
10-июнь
13.00 - 20.00
Күн бою каттоо
13.00 - 13.50
DJ-сэт
14.00 - 14.30
Фестивалдын ачылышы
14.30 - 14.50
Фестивалдын эрежелери жана регламенти

Сынак
14.50 - 15.50
Зал 1
Панелдик талкуу
Тили: орус
Борбор Азияда IТ-продуктуларын ишке киргизүү

Спикерлер:
Нора Азыгалиева
Жыргал Карасартова
Эльдар Галиев
Адилет Маратов
Эсен Сагынов

Модератор:
Арген Дарманов
14.50 - 15.50
Зал 2
Панелдик талкуу
Тили: орус
Дилемма:
Иш издегендер: “Жумуш жок!”
Иш берүүчүлөр: "Рынокто вакансия жок!

Спикерлер:
Кундуз Асаналиева
Нурайым Биялиева
Айкокуль Ибраева
Фатима Якупбаева

Модератор:
Алия Дарбекова
14.50 - 15.50
Зал 3
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
IT-кесептердин тест-драйв

Тренерлер:
Чолпон Дуйшеева
IT Academy
14.30 - 16.50
Зал 4
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Digital-арт, 3D-арт

Тренерлер:
Tart Academy
Чынгыз Асаналиев
16:00 - 16:30
Нетворкинг-оюну
Тыныгуу
:
16.40 - 18.10
Зал 1
Презентация
Тили: орус
DBillions командасы кандайча курулган? Биздин өнүгүү тарыхыбыз

Спикер:
Чолпонай Кенжекулова

Кантип күнүнө миллиондогон көрүүлөр менен үч ролик түзүп, өлбөш керек?

Спикер:
Эрнест Уметалиев
16.40 - 17.40
Зал 2
Презентация жана Q&A
Тили: орус
Искусство активдуулуктун куралы катары

Спикер:
Акжибек Бейшебаева

Чыгармачыл бизнес. Чыгармачылыгыңыздан кантип миллион тапса болот

Спикер:
Азим Азимов

16.40 - 17.40
Зал 3
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот

Идеяларды гипотезага айландыруу жана аларды алгачкы текшерүү

Тренер:
Илья Кузнецов
16.40 - 17.40
Зал 4
Панелдик талкуу
Тили: орус
Креативдүүлүктүн аймагы чек ара жана карта менен аныкталбайт

Спикерлер:
Чынгыз Асаналиев
Беназир Калиева
Жанат Толубаев
Чынгыз Нарынов

Модератор:
Слава Резвых

16:40 - 17:40
Воркшоп. Тили: орус
Карапа искусствосу боюнча семинар

Машыктыруучу: Toi Art
18.10 - 19.10
Зал 1
Панелдик талкуу
Тили: кыргыз
Кыргызстандын кино тармагынын өнүгүшү: кино бизнес

Спикерлер:
Эрнест Абдыжапаров
Аcель Жураева
Бакыт Осмонканов

Модератор:
Айгерим Акылбекова
17.50 - 18.50
Зал 2
Панелдик талкуу
Тили: орус
Кыргызстандын шартында жашыл экономикадан кантип киреше тапса болот

Спикерлер:
Джамиля Иманкулова
Кундус Кырбашева
Бегимай Алтыбаева
Евгения Постнова

Модератор:
Исмаил Карыпов
17.50 - 18.50
Зал 3
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Чат-ботту программалоо

Спикерлер:
Екатерина Смоляева
IT Academy
17.50 - 18.50
Зал 4
Воркшоп
Тили: англисче

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Producing Virtual Master Class - What Does a Producer Do?

Спикер:
Neal Weisman
18.00 - 19.00
DJ-сэт
:
19.00 - 20.00
Жандуу концерт: Curltai
:
2-күн
11 июнь
13.00 - 20.00
Күн бою каттоо
13.00 - 14.10
Жандуу концерт: Айко
14.00 - 14.30
Экинчи күндүн ачылышы
14.30 - 15.50
Зал 1
Панелдик талкуу
Тили: орус
Кыргызстанда чыгармачылык аянтчаларды өнүктүрүү

Спикерлер:
Виктория Юртаева
Шамиль Ибрагимов
Данияр Аманалиев
Илья Каримджанов

Модератор:
Сергей Долженков
14.30 - 15.50
Зал 2
Презентация жана Q&A
Тили: орус
Карыялардын чыгармачылык экономикага кошкон салымы

Спикер:
Алтынай Карасаева

Көркөм базар, өнүгүү перспективалары

Спикер:
Медер Ахметов
14.30 - 16.30
Зал 3
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн мейкиндикти кантип уюштуруу керек?

Тренер:
Сезим Мураталиева
14.30 - 15.50
Зал 4
Панелдик талкуу
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Бүткүл дүйнөгө иштеген команда, компанияларды Бишкекте кантип түзсө болот?

Спикерлер:
Айбек Исаев
Сырга Тилекова
Кайнар Камалов

Модератор:
Елена Казиначикова
15.50 - 16.20
Нетворкинг
16.30 - 17.20
Зал 1
Воркшоп
Тили: англисче орусча котормосу менен
Стартаптын питчинг учурунда кандай каталардан качуу керек?

Спикер:
Брендон Эндрюс


16.30 - 17.20
Зал 2
Панелдик дискуссия
Тили: орус
Санарип көчмөндөр үчүн шарттар

Спикерлер:
Андрей Минкин
Алтынай Мамбетова
Мээрим Ормушева

Модератор:
Азат Мурадыл
16.30 - 18.30
Зал 3
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Жаңы баштагандар үчүн программалоо

Тренерлер:
Makers
16.30 - 17.20
Зал 4
Воркшоп
Тили: орус

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Жаңы баштагандар үчүн инвестиция жана криптовалюта

Тренер:
Аскар Бегалиев

Автоматташтырылган соода: каржы рыногундагы боттор жана крипто ышкыбоздору жана программисттер үчүн криптовалюталар

Тренер:
Нурислам Нургалый
17.30 - 18.30
Зал 1
Панелдик талкуу
Тили: кыргыз
Өнөр багат

Спикерлер:
Махабат Жакеева
Динара Чочуманова
Нурзат Жээнбек кызы
Ойбек Айтбаев
Жумагул Тазиев

Модератор:
Назира Айтбекова

17.30 - 18.30
Зал 2
Презентация жана Q&A
Тили: рус
Улуу мурас жана мураскорлор

Спикер:
Динара Чочунбаева

Эко-курак

Спикер:
Чолпон Аламанова

17.30 - 18.30
Зал 4
Панелдик талкуу
Тили: кыргыз

Катышуучулардын саны чектелүү. Биринчи кырк кишиге кирүү болот
Музыкалык жана чыгармачылык платформалар коомчулукту түзүүнүн бир жолу. Искусство социалдык маселелерди чечүү каражаты катарында

Спикерлер:
Камилла Орозбаева
Чолпон Тентиева
Татьяна Зеленская
Юлиан Худоложкин
Айко

Модератор:
Азат Рузиев
18.30 - 19.00
Фестивалдын жабылышы

Сынактын жыйынтыгы
19.00 - 19.30
Жандуу концерт: Тамга
19.30 - 20.00
Жандуу концерт: Cool Band
Көчө иш-чаралары
13.00 - 18.00
"Аба тазалагычты чогултуп, үйгө алып барыңыз" эко-воркшоп
Аба тазалагычты чогултуп, үйгө алып барыңыз
VR-презентациялар
DJI дронду башкаруу
Чөптө окуу клубу: викториналар жана китептер боюнча квиздер
Оюндар: автоматташтырылган ресурстар
Значокторду түзүү боюнча мастер-класс
Сүрөт тартуу боюнча мастер-класс
Спикерлер

Официалдык өнөктөштөр

Өнөктөштөр

Болор жаңылануулардан калбаш үчүн социалдык тармактарга жазылгыла.


Бул сайт АКШнын Мамлекеттик департаментинин гранты тарабынан каржыланган.
Мында айтылган пикирлер, бүтүмдөр жана тыянактар авторго таандык жана сөзсүз эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин пикирин чагылдырбайт.


© 2022 Бардык укуктар корголгон