Фестиваль бирикмелерди түзүүгө түрткү берет, инновациялык идеяларга жана кошмо чыгармачылык долбоорлорго шыктандырат, жергиликтүү ишкерлердин таанылышын жогорулатат жана маданияттар менен тармактардын ортосундагы кызматташтыкты шарттайт.
Долбоор тууралуу
Go Viral Festival & Network – бул Техас штатындагы Остинде өтүүчү SXSW фестивалынан шык-дем алган жергиликтүү демилге. Go Viral идея алмашуу жана максаттарды ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн, ошондой эле маанилүү маселелерди чечүү үчүн аймактык лидерлердин, чыгармачыл адамдардын жана жаратмандардын ортосунда байланыш түзүүгө жардам берет.

Go Viral – бул фестиваль, ошондой эле лекцияларды, воркшопторду, панелдик талкууларды, тасмаларды, музыканы жана АКШ, Борбор Азия, Чыгыш Европанын алдыңкы тренд-сеттеринин Медиа, Бизнес, Маданият, Технология жаатындагы дагы башка окуяларын камтыган бир катар иш чаралар.
Иш-чаралар
Go Viral алкагындагы чакан иш чаралар Казакстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда жыл бою өтөт. Go Viral үч күндүк фестивалы жыл сайын Алматыда өтөт жана 2017-жылдан бери Казакстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн, Чыгыш Европанын, АКШнын медиа, маданият, бизнес жана технология жаатындагы алдыңкы ойчулдарын жана жаратмандарын бириктирет.
Бирикмелер
Бүгүнкү күндө Go Viral бирикмеси 5500дөн ашык адамды камтыйт, алардын катарында журналисттер, ишкерлер, креативдүү индустриянын кызматкерлери, коомдук активисттер, ар кайсы тармактын кесипкөйлөрү бар. Алар тажрыйба, эргүү, идеялары менен алмашып, ошондой эле жаңы долбоорлорду жаратып, чек арасыз кызматташуу үчүн позитивдүү энергияга сугарылышат.
Миссия
Go Viral – АКШнын Казакстандагы Дипломатиялык миссиясы тарабынан каржыланып, колдоого алынган жана Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылган долбоор. Ал адамдарга өз контентин ойлоп табууга, жаратууга, жайылтууга, маалымат берүүгө, көңүл ачууга, ошондой эле жаңы технологияларды колдонуу менен социалдык тармактар, жаңы платформалар аркылуу дүйнөлүк аудитория менен алака түзүүгө мүмкүндүк берет.

Өнөктөштөр


Болор жаңылануулардан калбаш үчүн барактарыбызга жазылгыла.


Бул сайт АКШнын Мамлекеттик департаментинин гранты тарабынан каржыланган.
Мында айтылган пикирлер, бүтүмдөр жана тыянактар авторго таандык жана сөзсүз эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин пикирин чагылдырбайт.


© 2022 Бардык укуктар корголгон